Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 17.12.2016 11:44 Жаңыланды: 17.12.2016 11:44

Таш-Көмүрдө шахта баскан 4 адамдан тирүү табылгандардын экинчиси жер алдында 11 саат жатты (толугу менен, фото)

Turmush -  Таш-Көмүрдө шахта басып калган 4 адамдын экөө тирүү куткарылып, учурда медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Тирүү калгандардын бири шахта алдында 11 саат жатты, деп билдирди ӨКМ.

Кечээ, 16-декабрда Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын нөөмөтчүсүнө Север шахтасында  кырсык катталып, 4 адамды басып калды деген маалымат түшкөн. Куткаруу отрядынан полковник А.Булановдун жетекчилигинде 20 куткаруучу саат 12:05де «КамАЗ» унаасы менен чыгып, саат 12:30да чамасында издөө иштерин жеринде жүргүзө башташкан.

Ошондой эле, тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын 6 куткаруучусу капитан Н.Атамбековдун жетекчилигинде саат 12:39да жөнөп кетишкен. Жалпы 27 куткаруучу 13:00 чамасында издөө иштерин биргеликте улантып, саат 14:10до шахтанын алдынан Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну К.Д. куткарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

Саат 15:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Ч.Б. жана Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну У.Н.нын жансыз денеси табылган.

Таш-Көмүр шаардык суу чарба ишканасынан жана жеке менчиктеги техникалар издөө иштерине тартылып, саат 23:10дө төртүнчү адам тирүү табылды. Ал Аксы районунун Райкомол айылынын 1987-жылы туулган тургуну Б.Д. экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×