Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 17.12.2016 15:50 На русском

Таш-Көмүрдө шахтанын урандыларынан аман куткарылгандардын абалы канааттандырарлык (фото)

Turmush -  Таш-Көмүрдө шахтанын урандысында калып, аман куткарылган адамдардан Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев кабар алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кырсыктан 2 адам каза болду. Тирүү калгандардын бири урандынын алдында 11 саат жатты.

Дарыгерлердин айтымында, урандыдан тирүү куткарылган Дайырбек Байышкулов менен Дамир Канатбековдун учурдагы абалы канааттандырарлык. Алар керектүү дары-дармектер менен камсыз болушту.

Облус жетекчиси Таш-Көмүр шаарынын жетекчисине жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүүнү табыштады.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 16-декабрда Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын нөөмөтчүсүнө Север шахтасында кырсык катталып, 4 адамды басып калды деген маалымат түшкөн. Куткаруу отрядынан полковник А.Булановдун жетекчилигинде 20 куткаруучу саат 12:05де «КамАЗ» унаасы менен чыгып, саат 12:30да чамасында издөө иштерин жеринде жүргүзө башташкан.

Ошондой эле, тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын 6 куткаруучусу капитан Н.Атамбековдун жетекчилигинде саат 12:39да жөнөп кетишкен. Жалпы 27 куткаруучу 13:00 чамасында издөө иштерин биргеликте улантып, саат 14:10до шахтанын алдынан Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну К.Д. куткарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.
Саат 15:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Ч.Б. жана Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну У.Н.нын жансыз денеси табылган.
Таш-Көмүр шаардык суу чарба ишканасынан жана жеке менчиктеги техникалар издөө иштерине тартылып, саат 23:10дө төртүнчү адам тирүү табылды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×