Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 26.12.2016 15:10

Таш-Көмүрдө шахтанын урандысында калган эки жаранга мэрия акчалай жардам берди

Turmush -  Таш-Көмүрдө шахтанын урандысында калган эки атуулга шаар мэриясы акчалай жардам берди.

Мэриядан кабарлангандай, оор абалда ооруканага түшкөн эки тургунга 10 миң сомдон жардам көрсөтүлдү.

Шахтанын урандысында калып, 11 сааттан кийин куткарылган Дайырбек Байышкулов толук айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Аймактык ооруканадан кабарлашкандай, уранды алдында калган төрт адамдан биринчилерден болуп куткарылган Дамир Канатбековдун оң бутуна операция ийгиликтүү жасалды. «Учурда ден соолугунун абалы туруктуу. Качан ооруканадан чыгаары азырынча белгисиз», - деп билдиришти аймактык ооруканадан.

48

Окуя тууралуу:

Ушул жылдын 16-декабрында Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын нөөмөтчүсүнө Север шахтасында кырсык катталып, 4 адамды басып калды деген маалымат түшкөн. Куткаруу отрядынан полковник А.Булановдун жетекчилигинде 20 куткаруучу саат 12:05де «КамАЗ» унаасы менен чыгып, саат 12:30да чамасында издөө иштерин жеринде жүргүзө башташкан. Ошондой эле, тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын 6 куткаруучусу капитан Н.Атамбековдун жетекчилигинде саат 12:39да жөнөп кетишкен.

Жалпы 27 куткаруучу 13:00 чамасында издөө иштерин биргеликте улантып, саат 14:10до шахтанын алдынан Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну К.Д. куткарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

Саат 15:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Ч.Б. жана Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну У.Н.нын жансыз денеси табылган.

Таш-Көмүр шаардык суу чарба ишканасынан жана жеке менчиктеги техникалар издөө иштерине тартылып, саат 23:10дө төртүнчү адам тирүү табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

16.12.2016Таш-Көмүрдө 2 адамды уранды басып калган шахтадан тартылган сүрөттөр
16.12.2016Таш-Көмүрдө шахтадагы урандылардын алдында төрт адам калган, - ӨКМ (фото)
17.12.2016Таш-Көмүрдө шахта алдында калган төртүнчү адам тирүү табылды (фото)
17.12.2016Таш-Көмүрдө шахта баскан 4 адамдан тирүү табылгандардын экинчиси жер алдында 11 саат жатты (толугу менен, фото)
17.12.2016Таш-Көмүрдө шахтанын урандыларынан аман куткарылгандардын абалы канааттандырарлык (фото)
19.12.2016Таш-Көмүрдө шахтанын урандысында калып, 11 сааттан кийин аман куткарылган Д.Байышкулов окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×