Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Фото, видео - Таш-Көмүрдө биринчи жолу муниципалдык базар ачылып, кире беришке арка курулду, - муниципалдык департаменттин башчысы Ө.Бабатаев

Turmush -  2016-жылы Таш-Көмүр шаарынын кире беришине боз үйдү чагылдырган арка курулуп, шаар аймагында биринчи жолу муниципалдык базар пайдаланууга берилди. Деги эле шаар аймагындагы өзгөрүүлөр тууралуу аймактык кабарчы Таш-Көмүр шаардык мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин башчысы, облустук жана республикалык басылмалардын тандоосу менен «Жыл мыктысы» болуп табылган «Таш-Көмүр шаарынын ардактуу атуулу» Өмүржан Бабатаев менен баарлашты.

IMG-20170105-WA0002Анын берген маалыматына караганда, жыл башынан бери департамент тарабынан шаар аймагын жакшыртуу үчүн бир топ алгылыктуу жумуштар жүргөн. Башкача айтканда, шаардын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар аймактык башкармалыктарындагы көчөлөрдөгү түнкү жарык берүүчү 648 даана жабдуу алмаштырылды. Ошондой эле, Шамалды-Сай айылына, Масалиев, Баетов көчөлөрүнө да жаңы түнкү чырактар орнотулуп, түнкүсүн жол жүргөн жашоочулар үчүн жакшы шарттар жаралды.

IMG-20170104-WA0046Жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо үчүн жол белгилерин орнотуу иштери да колго алынууда. Патрулдук милициянын тийиштүү кызматкерлери менен макулдашуунун негизинде Токтогул көчөсүндө 2 даана, Ш.Сыдыков көчөсүнө 8, Куруучулар кичи районуна 4 даана жол белгилери жасатылып, орнотулду. Мындан сырткары дагы 10 даана жол белгилерин даярдоого 107 миң сом акча каражаты сарпталды. Алар жакынкы арада тийиштүү жайларга орнотулат.

Шаар ичиндеги борбордук жолдогу автоунаалардын ылдамдыгын азайтуу максатында 90 миң сомго «лежачий полицейский» сатылып алынып, кооптуу делген жолдорго орнотулду.

Шаар аймагында жыл башынан бери 14 миң 346 метр куб күндөлүк пайдалануудан чыккан катуу тиричилик калдыктары тазаланган. Таштандылардан арылуу үчүн мекеменин кызматкерлери тарабынан 20 даана таштанды челектер даярдалып, көчөлөрдүн жээктерине коюлду.

Шаардыктардын негизги эс алуучу жайы болгон М.Исраилов атындагы сейил бактын айланасын биринчи жолу тосмолоо үчүн 700 миң сом каражат жумшалып, айланасы тосулду. Ошондой эле, бактын ичинде эл басуучу жерлерге, Өчпөс оттун айланасына брусчатка төшөлдү. Аны менен эс алуучулар үчүн  ыңгайлуу шарттар жаралды.

1

Боз үйдүн элесин берген арка

Акыркы жылдары район-шаарлардын кире бериш жерлеринде арка куруу кадамы жанданды. Мындан улам шаар бийлиги да четте калбай, кыргыздын боз үйүн чагылдырган арка курушту.  Арка куруу үчүн тендер жарыяланып, андан «Бек строй ТК» ЖЧКсы утуп алып, 1 млн 19 миң сомго тургузулду. Азырынча арканын орнотулуп бүткөнү салтанаттуу иш-чара менен белгилене элек. Шаардыктар белгилегендей, жаңы орнотулган арка шаарга көрк берип калды. Үйлөнүү тоюн белгилеп жаткан түгөйлөр да ал арканын жанынан сүрөткө түшүүнү салтка айлантып башташты.

IMG-20170104-WA0047

Шаардагы алгачкы муниципалдык базар

2016-жылы шаар аймагында биринчи жолу муниципалдык базар ачылганын белгилөөгө болот.

«Өкмөттүн муниципалдык базар ачуу боюнча токтомунун негизинде базар ачууга жетиштик.  Муниципалдык базар ачуу үчүн 120 миң сом каражат керектелип, бул каражатка сатуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар да түзүлдү. Мөмө-жемиш сатканга ылайыкташтырылган текчелерден бери жасалды. 25 орунга түзүлгөн базар 6 айдан бери иштеп жатат.

Базардын унаалар токтоочу жайын мыйзамдаштыруу жана акы алуу боюнча облустук монополияга каршы туруу башкармалыгына тийиштүү документтер тапшырылган. Алар  баасын коюп берсе ошого жараша иш кылабыз. Базар муниципалдык жерге ачылды. Айына унаа токтоочу жай менен базардан 40 миң сомго чейинки каражат казынага түшөт деген ойдо болуп жатабыз. Мындагы базардан түшкөн каражатка да бир топ жумуштарды аткарууга мүмкүн болот», - деди Ө.Бабатаев.

31

32

33

Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы Восточный айылында мектеп, бала бакча үчүн берилген жер жеке менчикке өтүп, үйлөр курула баштаганы боюнча да Ө.Бабатаев коомчулукка билдирүү жасаган. Андан улам муниципалдык кызматкердин сот алдында тийиштүү документтерди таап алып чыкканы да оң натыйжа берип, сот жеке кызыкчылык үчүн берилген мектептин жерин кайтарды.

«Биздин шаарга Союз мезгилинде 3 ГЭС курулган. Ошол ГЭСтерди куруу учурунда Нарын дарыясынын жээгинде жашаган Кара-Суу, Шымсай айылдары Восточный айылына көчүрүлгөн.  Мындан улам 1987-жылы Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эл депутаттарынын аткаруу комитети көчүрүлгөн айылга 140 орундуу бала бакча куруу үчүн 0,564 га, ал эми 704 орундуу мектеп куруу үчүн 2 гектар 21 сотых жер берүү боюнча чечими чыккан.

Бирок, шаардын айрым чиновниктери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, шаардык кеңештин аткаруу комитетинин төрайымы Н.Дроздова кол койгон документти бурмалашып, 1 гектар 21 сотых жерди жеке менчикке беришкен. Мамлекеттик кызматкер катары бул маселенин артынан түшүп, облустук архивден документтин түп нускасын таап чыгып, прокуратурага арыз жаздым. Жалал-Абадда райондор аралык сот бул маселени карап, соттун чечими менен жер кайрадан муниципалдык менчикке өттү. Шаардык мэриянын токтому, жеке менчикке берилген мамлекеттик акт жокко чыгарылды. 

Белгилеп кетүүчү жагдай, учурда аталган айылда 194 кожолук жашайт. Айылдын балдары мектепке келүү үчүн 2-3 чакырым жолду басышат. Андан улам жаш балдар кышында кыйналышат.  Андан улам ал аймакка мектеп куруу зарылдыгы бар», - деди Ө.Бабатаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7259
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×