Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 16.01.2017 14:49

Таш-Көмүрдөгү феррокошундуу заводдун жумушчуларына 1 жылдан бери маяна бериле элек (фото, видео)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарындагы феррокошундуу заводдун жумушчулары бир жылдан бери айлык акыларын ала албай жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу аталган ишкананын жумушчулары Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Маалыматка караганда, заводдун жумушчулары бир жылда 4 жолу гана алдын ала акыларын алышкан. Ал эми, калган айлык маяналарын ала албай келишет. Жумушчулар бул маселе боюнча 14-январь күнү заводдун башкы кеңсесине топтолушту.

Бул завод Казакстандын Алмата шаарында жайгашкан «Минералдык сырьелорду комплекстүү колдонуу боюнча улуттук борбор» республикалык мамлекеттик ишканасы аркылуу иштелип чыккан. Түштүк Корея мамлекетинде иш жүргүзгөн эң ири болот куюучу «Поско» компаниясы жактан колдоого алынып, анын курулушу 2014-жылдын май айында башталган. Бирок, 2015-жылдын сентябрь айынан бери каржылоо булагы токтотулгандыктан курулуш иши да токтогон.

Заводдун келечегине зор үмүт артып турган жумушчулар жумуш таштоо кадамына азырынча баргылары келбейт. Мындан улам алар өкмөткө талап коюну туура көрүшкөн. Декабрь айында бардык маяна төлөнүп берилет деген убадалар айтылып, бирок аткарылган эмес.

«Мен кароолчу болуп иштейм. Айлык маяна албай иштеп кыйналып кеттик. Башка жумушка кетели десек биздин шаарда жумуш жок. Экинчиден бул заводдун келечеги абдан чоң. Иш жүрүп, жакшы иштеп кетсе жумушсуз калбайсың. Өкмөт бул маселени эртерээк бүтүрсө жакшы болот эле. Бизге маяна бергендер 6 жолу сөз беришти. Декабрь айында беребиз деп жатышкан. Бирок, январь айы ортолоп калса да маянадан кабар жок», - деди заводдун жумушчусу Тынарбек Абдубалиев.

Аталган ишкананын дагы бир жумушчусу Кубат Айтмырзаев кристалл заводунда иштеп, ал жерде да айлык акысын ала албай жаңы жумушка которулган. Бирок, бул заводдон да эмгек акысын ала албай кыйналып жатканын билдирди.

 «Иш жүрүшөт экен деп сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы андай болбой жатат. Эмгек акысына ишенип насыя алып алгандар бар. Дүкөндөрдөн айлык акыга деп азык-түлүктү карызга алгандар андан көп. Чынында кыйналып кеттик. Биздин өкмөт жумушчуларды ойлоп, маселени тездетип беришсе жакшы болмок. Бул заводдун келечеги кең, андыктан келген инвестор менен жакшы мамиледе болушубуз керек», - деди ал.

Кыргыз феррокошундуу заводунун дирекциясынын башкы директору Талант Исмаиловдун берген маалыматына караганда, жумушчуларга эмгек акылары Алматадагы «Минералдык сырьелорду комплекстүү колдонуу боюнча улуттук борбор» республикалык мамлекеттик ишканасы тарабынан каржыланып, казакстандык «Авиньон» компаниясы аркылуу берилет.

Маянадагы маселелер эки өлкөнүн ортосундагы заводду куруу боюнча келишимдердин бүтпөй калуусунан улам чыгууда.

«Биздин өкмөт жумушчулардын маяналары боюнча маалыматы бар. Апрель, июль, август, сентябрь айларында гана маяна бердик. Калган эмгек акылар бериле элек. Өкмөт бул маселени карап жатат», - деди Талант Исмаилов.

Ошондой эле, ал жумушчулардын эмгек акысы катары заводдун 2 миллион сом бересеси бар экенин билдирди.

Жумушчулар кымбат баада алынып келген жабдыктар да тура берсе сапатын жоготуп, завод курууга кошумча каражат керектелип калышы мүмкүндүгүн да эскертишүүдө. Анткени заводго керектелүүчү жабдыктар, электроникалык аппараттар «Кристалл» заводунун цехинде турат. Ал жайдын чатырынан суу өтүп, жабдыктарды керектен чыгарып коюшу мүмкүн.

Ишкана толук кубаттуулугу 50 миң тонна ферроалюминий кошундусун чыгарууга жөндөмдүү. Заводдун жалпы курулушуна 37,8 миллион АКШ доллары сарпталары эсептелсе, 2015-жылдын сентябрь айына чейин жалпысынан 250 млн сомдук жумуш жасалган бойдон токтоп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×