Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө 2014-жылы табылган оорукчан баланын ата-энеси ушул күнгө чейин изделүүдө (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында 2014-жылы табылган оорукчан баланын ата-энеси табылбай келет.

Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2014-жылдын 29-августунда Кызыл-Алма айылынан аты-жөнү такталбаган, кулагы укпаган, сүйлөбөгөн, психикалык оору менен ооругандыгы байкалган, жашы жете элек 17-18 жаштардагы эркек бала табылган.

41

Ал Жалал-Абад шаарынын психоневрологиялык социалдык стационардык балдар мекемесине жайгаштырылган. Ушул күнгө чейин баланын өздүгү аныкталган эмес. Буга байланыштуу милиция кызматы баланын ата-энесин табууга көмөктөшүүнү өтүнөт.

Эгерде көрсөтүлгөн сүрөттөгү баланын жакындары же туугандары болсо Таш-Көмүр ШИИБге же Жалал-Абад ШИИБге кайрылууну өтүнүшөт. Байланыш телефондору: (03722 5-28-31), (03745 5-02-37).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4108
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×