Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө 3 талапкер тең мэрликке өтпөй калышты

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында бүгүн, 31-январда мэрди шайлоо болуп, ага 3 талапкер ат салышты. Шаар башчысын шайлоо эки тур менен өтүп, бирок бир да талапкер жетиштүү добуш топтой алган жок.

Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Токтомамат Тургунбаевдин айтымында, мэрди шайлоого 31 депутат тең катышты.

Шаар мэрин тандоодо биринчи турдан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Колоев Тимур 11, «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн Кубатбеков Шайлообек 10, КСДПдан көрсөтүлгөн экс-мэр Шамшарбек Чойбеков 7 добуш алган.

Талапкерлиги көрсөтүлгөн экс-мэр аз добуш алып калгандыктан экинчи турга катышкан жок. Бирок, экинчи турга ат салышкан 2 талапкер тең жетиштүү добуш топтой алган эмес. Тимур Колоев экинчи турда 3 добуш ашыкча топтосо, «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн өкүл 7 добуш алган. Ал эми 10 депутат 2 талапкерге тең каршы добуш беришкен. Аны менен шаардын мэри шайланбай калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2738
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×