Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдөгү №3 мектептин спорт залы 2-кабатта болгондуктан башка бөлмөлөргө тоскоолдук жаратууда (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында 1959-1976-жылдары курулган Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектептин спорт залы экинчи кабатта жайгашкандыктан башка бөлмөлөргө ыңгайсыздыктарды жаратууда. Мектептин директору Асипа Дооранбекованын айтымында, билим берүү мекемеге спорт зал өтө зарыл. Андан улам аргасыздан экинчи кабаттагы жыйналыш залы спорт зал катары колдонулуп келет.

Маалым болгондой, спорт залдын экинчи кабатта болушу алдындагы класстык бөлмөлөргө жана коридорго тоскоолдук жаратат. Колдонулуп жаткан спорт зал тараптагы шыптын бир бурчу көчүп түшкөн.

«Былтыр мэрия 3,5 миллион сомго мектептин чатырын толук алмаштырган. Ошондой эле желим айнек менен эшиктер коюлуп, айрым класстарга парта, отургучтар алынган. Кезек эми спорт залга келди. Окуучулар спорттук оюндарды жаан-чачын, кар жааганда ушул кичинекей жыйналыш залда ойноого аргасыз», - деди мектеп директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 698
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×