Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Таш-Көмүр шаарынын мэрлигине 2-турда дагы төрт талапкер ат салышат

Turmush -  Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаттары 16-февралда экинчи жолу шаар башчысын шайлашат.

Маалым болгондой, мэрликке КСДП партиясынан №38 жол тейлөө ишканасында иштеп келген Сансызбаев Сулайман, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан экс-мэр, шаардык кеңештин төрагасы болгон М.Кулдышев, «Мекеним-Кыргызстан» партиясынан Өмүржан Бабатаев, «Кыргызстан» партиясынан экс-аппарат жетекчи Т.Коңкобаев талапкерлигин коюшкан.

Эске салсак, 31-январда дагы шаар башчысын шайлоо өтүп, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Колоев Тимур, «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн Кубатбеков Шайлообек, КСДПдан көрсөтүлгөн экс-мэр Шамшарбек Чойбеков жетиштүү добуш алган эмес.

Кошумчалай кетсек, Таш-Көмүр шаардык кеңешти шайлоого 7 партия катышып, анын ичинен 5 партия 7%дык чектен өткөн. Жыйынтыгында КСДП партиясына 11, «Өнүгүү-Прогресс» — 8, «Республика — Ата Журт» — 8, «Мекеним-Кыргызстан» — 3, «Кыргызстан» партиясына 3 депутаттык мандат тийген.

Алдыдагы шайлоодо шаардык кеңештин депутаттары экинчи жолу мэрди шайлай алышпаса, анда мыйзамга ылайык таркатылышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2826
Көп окулду
×