Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Ыйман, адеп жана маданият жылын утурлай кылмыштуулуктун алдын алуу жана диний экстремизмге каршы күрөшүү багытында шаардын имамы менен Таш-Көмүр ШИИБ биргеликте спорттук иш-чара өткөрүштү.

Шаардык ички иштер бөлүмүнөн кабарлангандай, шаардын имам хатиби М.Мансуров менен Таш-Көмүр ШИИБдин башчысы Б.Бекмуратов курама командаларга ийгиликтерди каалашты. Имам шаар аймагында диний экстремизмди, терроризмди жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча диний көз караш менен бир нече мисал келтирди.

Кылмыштуулукту болтурбоо багыты көздөлгөн футбол боюнча мелдеште «Амир-Хамза» атындагы медресенин жамааты, борбордук мечиттен өзүнчө курама командалар, ошондой эле шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду борбордук мечиттен түзүлгөн курама команда, 2-орунду ӨКМдин өкүлдөрү, 3-орунду Таш-Көмүр ШИИБ ээледи. Байгелүү орундарга жеткен командаларга имам хатиб баалуу белектерди тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2041
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×