Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 19.05.2017 15:06

Таш-Көмүрдө 2 күн мурун дайынсыз жоголгон 8-класстын окуучусу Сериктин сумкасы табылды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында 2003-жылы туулган Маратов Серик 17-майдан бери дайынсыз болууда. Ал 17-майда Кичи-Курулуш аймагындагы №24 дарегиндеги үйүнөн мектепке кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

8-класстын окуучусу Сериктин жакындарынын айтымында, анын сумкасы, соткасы, жемпири Нарын дарыясы тараптан табылган. Учурда милиция кызматкерлери жана куткаруучулар Серикти издеп жатышат.

Ал арада Таш-Көмүр ШИИБ издөө жарыялады. Алардын маалыматына караганда, Сериктин бою 1,65-1,70 см, арык дене түзүлүштө, ак жүздүү, кашы-көзү кара.

Кийген кийими: ак көйнөк, кара шым, кара туфли, боз түстөгү мектеп сумкасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×