Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 16.06.2017 13:57

Таш-Көмүрдө тургундардан 2 ок атуучу курал алынды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө 1 жумада 2 ок атуучу курал алынды.

Маалым болгондой, 13-июнь күнү Таш-Көмүр ШИИБдин Шамалды-Сай аймактык милиция бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 1969-жылы туулган Х.К. аттуу жергиликтүү тургун эч кандай тиешелүү документтери жок 1964-жылы чыгарылган ИЖ-58 үлгүсүндөгү 16-калибрдеги кош ооздуу сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган.

Түшүндүрүү иштери Таш-Көмүр шаарында дагы жүргүзүлүп, натыйжада Таш-Көмүр шаарынын Совет көчөсүнүн 1968-жылы туулган А.А. аттуу тургуну тиешелүү документтери жок 1950-жылы чыгарылган ИЖ-32 үлгүсүндөгү 32-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×