Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдөгү жатакананын 17 батири мыйзамсыз сатылып, 30 жылдан бери жашагандар үйсүз калуу коркунучунда турат, - тургундар (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында Курулуш кичи районундагы №7 жатакана мыйзамсыз менчиктештирилип, 25-30 жылдан бери жашаган тургундар көчөдө калуу коркунучунда турат.

Мындагы жашоочулардын ырастоолорунда, көп кабаттуу жатакана 3 подъездден турат. Бир подъездин жашоочулар өздөрү сатып алышкан, экинчисин жеке ишкер сатып алып, андагы жашоочуларга башка жактан үй алып берген. Ал эми жатакананын «Б» блогундагы 17 батир мыйзамсыз сатылып кеткенин анда 25-30 жылдан бери жашап келе жаткан тургундар билишкен эмес.

Жактоочу Кубанычбек Бакировдун айтымында, жатакананын имараты «Турак-Жай» ЖЧКнын 1998-жылдагы уставы боюнча мамлекеттик жатакана болуп эсептелинет.

«Жатаканада жашаган жашоочулардын жалпы чогулушунун чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрация жатакананы турак жай статусуна өткөрбөй туруп, 2007-жылы «Турак жай» ЖЧК фирмасы акционерлердин жыйынын өткөрүп, Бишкек шаарынын тургуну Т.Д.га мыйзамсыз сатып жиберишкен. Сатууга макул болгон акционерлердин аты-жөнү текшерилгенде алардын айрымдары үй сатылганга чейин эле каза болгону, айрымдары башка аймакка жер которуп кеткени аныкталган. Мындан улам үй сатуу үчүн толтурулган протоколго жасалма кол коюлганы белгилүү болду. Жашоочуларга үйдүн сатылары боюнча кабар берилгенде, аны үйгө муктаж үй-бүлөлөр сатып алмак. Мамлекетке да акча түшмөк», - дейт жактоочу.

Жатакананын жашоочусу Айнура Мамытова да мамлекеттик жатакананы сатып алууга болбойт дегенден улам жашоочулар документ даярдоого аракет кылышпаганын айтууда.

«Жашоочуларга айтпай, жатакананы мыйзамсыз сатып жиберишкен. Жалпы 17 батирди 70 миң сомго сатып алган ишкер С.Д. айрымдарынын эшик-терезелерин талкалап, көтөрүп кетип жатат. Бул үй Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан камакка алынганына карабастан эшик-терезелерди талкалап жатат. Аларды өзүбүз орнотконбуз. Былтыр «үйдөн чыккыла» деп сатып алган адам айтып баштаганда гана сатылганын билдик. Мамлекеттик жатакана сатылбайт деп айтылгандан улам биз документ даярдоого аракет кылган эмеспиз. Жаныбыздагы подъездде жашагандар да 70 миң сомго сатып алышкан экен. Бирок, бизге айтпай сатып жиберишкен. Үй мыйзамсыз сатылып жатат. Биздин подъездди 80% акциясы бар Е.К. аттуу жашоочу да сатууга макул деген колу коюлуп жүрөт. Бирок, ал адам 2000-жылы эле каза тапкан экен. Биз ордер менен кирип, күн кечирип жатабыз. Өкмөттөн бул маселени чечүүгө жардам берүүсүн өтүнөт элек», - деди А.Мамытова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 868
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×