Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Фото - Бишкек—Ош жолундагы авариядан 8 адам каза болду, үчөө оор абалда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Теңдик айылынын аймагындагы жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 8 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилди.

Turmush басылмасына ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык бүгүн, 20-июлда саат 06:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 460-чакырымында 3 унаанын — оор жүк ташуучу унаа, «Хонда Стэпвагон» жана «Хонда Одиссей» унааларынын катышуусунда болду. Оор жаракат алган 8 адам көп узабай көз жумган. Учурда оор жаракат алган 3 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Кийинчерээк такталган маалымат:

- «Хонда Одиссей» унаасында 6 адам болгон. Учурда алардын абалы канааттандырарлык;

- Оор жүк ташуучу «МАН» унаасында 2 адам болгон, алардын абалы канааттандырарлык;

- «Хонда Стэпвагон» унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жөнөтүлгөн. Учурда абалы оор.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер, тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 24926
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×