Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.07.2017 11:39

Фото, видео - Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан каза болгон 8 адамдын өздүгү такталды (тизме)

Turmush -  Бишкек—Ош жолундагы 3 унаанын кагылышуусунан каза болгон 8 адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Каза болгондордун бардыгы «Хонда Стэпвагон» унаасында бара жаткан. Ал унаанын айдоочусу — Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбек оор абалда Шамалды-Сай аймактык ооруканасынын хиругия бөлүмүндө жатат.

Каза болгондор:

- Жунусмамат уулу Эрмекбай, 1994-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну;

- Бердибеков Шамшидин Камалович, 1970-жылы туулган, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну;

- Дусматова Адинахан Укматовна, 1973-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну;

- Асанова Малика Эргешовна, 2014-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;

- Төрөгелдиева Гүлнара Калиловна, 1965-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну.

- Толубаева Фатима Ахмадовна, 1979-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну;

- Бактыбеков Исламбек Бактыбекович, 2000-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну;

- Султанов Алмазбек Маматказиевич (туулган жери такталып жатат).


ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 20-июлда саат 06:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 460-чакырымында 3 унаанын — оор жүк ташуучу «МАН» үлгүсүндөгү унаа, «Хонда Стэпвагон» жана «Хонда Одиссей» унааларынын катышуусунда болду.

- «Хонда Одиссей» унаасында 6 адам болгон. Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Айдоочусу — Ош облусундагы Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну А.Н;

- Оштон Бишкек тарапка бара жаткан оор жүк ташуучу «МАН» унаасында 2 адам болгон, алардын абалы канааттандырарлык;

- «Хонда Стэпвагон» унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу — 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбек ооруканада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×