Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.07.2017 11:22

Бишкек—Ош жолунда 8 жүргүнчү каза болгон унаа: Кырсыкка чейинки жана кийинки сүрөттөр

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Теңдик айылынын аймагындагы жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 8 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген.

ӨКМдин маалыматы боюнча кырсык 20-июлда саат 06:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 460-чакырымында 3 унаанын — оор жүк ташуучу унаа, «Хонда Стэпвагон» жана «Хонда Одиссей» унааларынын катышуусунда болгон.

«Хонда Стэпвагон»  унаасы кырсыкка чейин

Каза болгондордун бардыгы бир унаада — «Хонда Стэпвагон» унаасында бара жаткан. Ал унаанын айдоочусу — Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1991-жылы туулган тургуну Д.Санжарбек оор абалда Шамалды-Сай аймактык ооруканасынын хиругия бөлүмүнө жеткирилген.

«Хонда Стэпвагон» унаасы кырсыктан кийин 

- «Хонда Одиссей» унаасында 6 адам болгон. Учурда алардын абалы канааттандырарлык;

- Оор жүк ташуучу «МАН» унаасында 2 адам болгон, алардын абалы канааттандырарлык;

- «Хонда Стэпвагон» унаасында 9 адам болгон. Андагы 8 жүргүнчү окуя болгон жерде каза болуп, айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жөнөтүлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×