Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө унаа сүзгөн 8 жаштагы бала комада жатат

Turmush -  Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарында 8 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Кечээ, 6-сентябрда саат 18:30 чамасында болгон кырсыктын кесепетинен жаракат алган бала шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, жабырлануучу — Э.К. уулу 2009-жылы төрөлгөн. Дарыгерлер анын абал оор экенин айтышты. Айрым маалыматтар боюнча, жабырлануучу комада жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1516
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×