Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 06.11.2017 09:22

Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан 8 адам каза болду, арасында 1,5 жаштагы бала бар (толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек—Ош унаа жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыктан 8 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Жол кырсыгынан 4 эркек, 3 аял киши жана 1,5 жаштагы бала каза болду.

Каза болгон адамдарды Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга алып кетишти. Ооруканага 2 адам оор абалда тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген. Каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары келген. Алар каза болгон адамдардын денелерин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары өрттү өчүрүшкөн, №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарды ооруканага жеткиришип, кошумча куткаруучулар «Стэпвагон» унаасын жолдун четине чыгарышкан.

Turmush басылмасынын кабарчысына белгилүү болгондой, каза болгондор Өзгөн районунун тургундары болгон.

Маалыматка караганда, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылынын К.Ш аттуу тургуну «DAF» (мамлекеттик номери XF95Д) үлгүсүндөгү унаасы менен Ош тарапка бара жатып, рулду башкара албай, жолдун сол тарабына оодарылып, карама-каршы келе жаткан «Стэпвагон» унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана «Стэпвагондун» жүргүнчүлөрүнүн баары окуя болгон жерде каза болушкан.

Кийинчерээк ӨКМдин басма сөз кызматы жол кырсыктан 10 адам каза болгонун маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×