Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 22.12.2017 14:26

Таш-Көмүр ШИИБдеги бөлүм башчы 8 жылга кесилди

Turmush -  Жалал-Абад облустук соту Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлерине карата Кара-Көл шаардык сотунун 2016-жылдын 22-ноябрындагы өкүмүн жокко чыгарды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын бүгүн, 22-декабрда билдирген маалыматына караганда, Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмышкер издөө бөлүмүнүн башчысы Э.Ибраимов, ошондой эле ШИИБдин опер кызматкери Ш.Ажибеков, аймактык тескөөчү А.Болотов Кылмыш-жаза кодексинин 305-1 (Кыйноо) жана 305-беренелеринин (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) негизинде 8 жылга эркинен ажыратылды. Алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

Буга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасы аталган милиция кызматкерлеринин кылмыш ишин иликтеп, аны сотко жөнөткөн. Алар А.Э. атуу жаранды жасабаган кылмышын моюнуна алдыруу максатында кыйнашкан.

Кылмыш иштин материалдарын карагандан кийин Кара-Көл шаардык соту 2016-жылдын 22-ноябрында аталган соттолуучуларды 305-1-берененин негизде актап, ал эми 305-берене боюнча күнөлүү деп таап, алардын ар бирин 6 жылга эркинен ажыраткан болчу.

2016-жылдын 1-декабрында Кара-Көл шаарынын прокуратурасы соттун аталган өкүмүнө макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык сунуштама киргизген. Анда айыпкерлерди кыйноо боюнча да күнөөлүү деп таап, аларга катуу жаза берүү сунушталган.

Буга чейин Кызыл-Жар айылынын тургуну Бүроба Айтыева, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери уулун жасабаган кылмышты мойнуна алдыруу үчүн ур-токмокко алганын билдирген.

114f25c9ebcdc1194b461e1def5b5cad_0_500_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×