Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 09.01.2018 17:04 Жаңыланды: 09.01.2018 18:20

Дайынсыз жоголгон 26 жаштагы таш-көмүрлүк К.Сүйүнбаевдин жансыз денеси тоодон табылды

Turmush -  Дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Курсантбек Сүйүнбаевдин жансыз денеси тоодон табылды. Бул тууралуу анын бир туугандары билдиришти.

Маалым болгондой, жансыз дене 5-январда Кара-Күңгөй тоосунун боорунан табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал мал кайтарып жүрүп, жардан кулап кеткен.

Маркумду тоо боорунда жатканын көрүп калган жаран дароо милицияга кабар берген. Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери барып кароо жүргүзүшүп, ал былтыркы жылдын 2-ноябрынан бери изделип жаткан жаран экенин аныкташкан. Ал кийимдеринен жана көтөрүп жүргөн уюлдук телефонунан улам таанылган. Жакындары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Курсантбек Сүйүнбаев дайынсыз жоголгондугу маалымдалган. Ал 2017-жылдын 20-октябрында саат 16:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×