Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 16.07.2018 09:22

Шамалды-Сайда 20 сотых жердеги жапайы кара куурай өрттөлдү (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай айылында 20 сотых жерде өсүп турган 600 түп жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-июлда Таш-Көмүр ШИИБдин демилгеси менен шаар аймагында «МАК-2018» операциясын өткөрүү учурунда Шамалды-Сай айыл башкармалыгынын Теңдик участкасында 20 сотых жерде кара куурай өсүп жаткандыгы аныкталган.

«Милициянын лейтенанты Дубанакулов, милициянын ага лейтенанты Жакыпов, милициянын кенже лейтенанты Кабылов тарабынан жолдун жээгинде өсүп жаткан жапайы кара куурай ошол жердеги айыл башчылар жана тургундар менен биргеликте орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды», - деп айтылат маалыматта.

Кара куурайларды жок кылуу иштери облустун башка аймактарында да жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×