Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 03.08.2018 13:38 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 30 жаштагы аял киши көз жумду

Turmush -  Бишкек—Ош жолунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2-августка караган түнү Таш-Көмүр ГЭСтин аймагындагы кырсыктан аял киши көз жумган.

Turmush басылмасынын кабарчысына булактар аркылуу маалым болгондой, жабырлануучу жолдон өткөн унаалардын жардамында ооруканага жеткирилген. Бирок оор жаракаттын кесепетинен көп узабай көз жумган.

Маркум М.Назина 1988-жылы Ош обулусундагы Алай районунда төрөлгөнү такталды. Учурда бул факты боюнча териштирүү, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×