Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 13.02.2019 17:06

Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеке ишкер реанимобиль белек кылды (сүрөт)

Turmush -  Таш-Көмүр шаардык үй-бүлөлөлүк медициналык борборунун Тез жардам бөлүмүнө шаардык кеңештин депутаты, жеке ишкер Кадыр Эргешбаев 13 миң долларга «Мерседес-Бенц 113» үлгүсүндөгү реанимобиль алып берди. Бул тууралуу аталган борбордун башкы директору Рахима Үрүсова билдирди.

Анын айтымында, алар тез жардам унаасына муктаж болуп келишкен.

«Таш-Көмүрдө азыр 3 тез жардам унаасы болуп калды. Буга чейин 2 унаа элге кызмат кылып келген. Ишкер буга чейин жетишсиз маселелерибизге көмөк берип келген. Эми заманбап унаага ээ болуп олтурабыз. Ош—Бишкек жолунан чакыруу көп түшкөндүктөн, жаңы реанимобиль ошол чакырууларга чыкмакчы. Биз унаа жолдун 3-чакырымынан 60-чакырымына чейинки аралыкты тейлейбиз», -деди ал.

Ал эми жеке ишкер шаардын өнүгүшүнө өз салымын кошууну көздөгөнүн билдирди.

«Тез жардам кызматынын унаасынын эскилиги жеткенин билем. Тез жардам деген аты эле болбосо, окуя болгон жерге кечигип барган учурлар болот. Мындан улам атуул катары жардам көрсөтүүнү туура көрдүм», - деди ал.

Маалым болгондой, былтыркы жылы Тез жардам кызматына Таш-Көмүр шаары боюнча 1000ден ашуун чакыруу түшкөн. Алардын көпчүлүгүн Ош—Бишкек жолунда орун алган кырсыктарга чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×