Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 08.05.2019 15:23 На русском

Таш-Көмүрдө милиционерлер 95 жаштагы ардагер А.Жангировду куттукташты

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Таш-Кѳмүр ШИИБдин жетекчилиги 95 жаштагы согуштун ардагери Асанбек Жангировду Жеңиш майрамы менен куттукташты, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы. Тартип сакчылары ардагерге ыраазычылыктарын айтышып, белектерин тапшырышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асанбек Жангиров 1924-жылы Талас облусунда жумушчунун үй-бүлѳсүндѳ туулган. 1931-жылы Таш-Кѳмүр шаарына көчүп келген. 1941-жылдан 1942-жылдын 7-сентябрына чейин бригадир болуп эмгектенген. 1942-жылы Таш-Кѳмүр аскер комиссариаты тарабынан согушка чакырылган. Ошол жылдын 29-сентябрында Саратов шаарына түшүп, кийин Пугачев шаарына жѳнѳтүлгөн.

Ал жактан №64 мотоаткычтар бригадасынын аскердик кампасын кайтарды. 1943-жылдын июнь айында Воронеж облусунун №55 аткычтар дивизиясына жѳнѳтүлгѳн. Согуштан аман кайткан ардагер Таш-Кѳмүр шаарында жашап келет.

Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси Асанбек Жангиров милиция тарабынан кѳрсѳтүлгѳн сый-урматка ыраазычылыгын билдирип: «Сиздердин ишиңиздерде ийгиликтер болсун. Өлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, эч качан согуш болбосун. Кыргызстан ѳнүгүп-ѳссүн, сиздерге рахмат», - деп батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×