Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 30.07.2019 12:00

Таш-Көмүрдө курулуп жаткан ооруканага ишкер 16 млн сомго реанимобиль белек кылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 4 саламаттыкты сактоо объектиси иштеп жатат, деп билдирди мэр Ракматилда Асаналиев пресс-тур учурунда.

Анын айтымында, шаарда аймактык оорукана, үй-бүлөлүк медициналык борбор, Шамалды-Сай шаарчасында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана Кызыл-Жар айылында республикалык психиатриялык оорукана иштейт.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 1943-жылы курулгандыктан авариялык абалга келген. Чатырынан суу агып, дубалынан жарака кетип, жарандар үчүн ыңгайсыздык жаралган.

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратын курууга демөөрчүлөр табылып, мурунку имарат толугу менен алынды. Долбоор боюнча жаңы имараттын курулушу 4 млн 600 миң сомду түздү. Анын курулушун сентябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда. Мындан тышкары, жергиликтүү ишкер Кадырбек Эргешбаев реанимобиль сатып алууга 16 миң доллар бөлүп берди», - деди мэр.

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Рахима Урусованын айтымында, буга чейинки имарат 76 жыл мурун курулуп, эскилиги жеткен.

«Мурунку имарат санитардык-гигиеналык нормаларга жооп берчү эмес. Биз үч жолу оңдоо иштерин жүргүзүп, чатырын алмаштырганбыз. Андан кийин долбоор даярдап, ал каржылык колдоо тапты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 15 адам иштейт. Имарат курулуп бүткөндөн соң ал 5000-6000 адамды тейлей алат. Бул жерге жакынкы Аксы, Ноокен райондорунун эли дагы келет», - дейт ал.

Мэр ошондой эле, шаардык оорукананын кабыл алуу бөлүмүн оңдоого демөөрчүлөр 250 миң сом бөлүшкөнүн айтты. Ошондой эле, шаарда жолдорду асфальттоо иштери дагы жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, ал жакынкы аралыкта калктын 40%ы таза суу менен камсыз болорун белгиледи.

«Шаардын калкынын 20%ы гана таза суу менен камсыз болгон. Калганы Нарын дарыясынын суусунан пайдаланышат. Кырдаал оор. Эми 6 миң калкы бар Кызыл-Алма айылында 28,9 млн сомдук долбоор ишке ашырылып жатат. Эгерде каржылоо өз убагында болсо ноябрь айында бардык иштер аягына чыгат. Бул долбоордон кийин шаардын 40%ы суу менен камсыз болот», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×