Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 16.10.2019 11:11 На русском

Таш-Көмүрдө №2 куткаруу отрядынын аскерлери тамактанган ашкананын абалы. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы №2 атайын куткаруу отрядынын ашканасы санитардык талапка жооп бербейт. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору планга ылайык текшерүү учурунда белгилүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда дары-дармектер турчу текчеде коңуздарга каршы себилчү каражаттар турганы жана ашпозчулардын санитардык китепчелери жок экени белгилүү болгон.

«Улуттук борбордун кызматкерлери планга ылайык №2 атайын куткаруу отрядында кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-шарттарын, тамактануусун жана кандай кызмат өтөп жатканын текшергенде, аталган жайда көптөгөн укук бузуулар байкалды. Алсак, ашкана санитардык абалга такыр жооп бербейт. Мындан сырткары аталган жайда кызмат өтөгөн аскерлерден ашпозчуларды тандап алышкан экен. Бирок алардын атайын билими жок, тамак канча жасалат, өлчөмдөрү кандай экенин билишпейт. Ошол эле учурда аларга таандык болгон санитардык китепчелери да жок болуп чыкты. Текшерүү жүргүзүп жаткан учурда санитардык китепчелер табылды, бирок ал жерде аскерлердин сүрөттөрү жок, тиешелүү мекемелердин мөөрлөрү басылбаптыр. Бул атайын нормаларды бузууга кирет.

Азык-түлүктөрдү сактоочу жайды текшергенде ал жерде сакталган тамак-аштын бир да сертификаты жок экен. Мыйзам боюнча ар бир тамак-аштын жегенге жарамдуу деген сертификаты болушу керек. Ал эми балдардын тамактануучу жайлары да кир, санитардык талаптарга жооп бербейт. Аскерлердин тамак ичкен идиштери атайын идиш жуучу каражаттар менен жуулбай, май боюнча сууга чайкап койгонун байкадык. Аптечка турчу жайда коңуздарга каршы себилчү атайын каражаттар туруптур.

Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен биз акт түзүп, аны Жалал-Абад облустук аскер гарнизондук прократурасына тапшырганы жатабыз», - деди Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси Алишер Эрматов.

Таш-Көмүр шаарындагы №2 атайын куткаруу отрядында 30дай аскер кызмат өтөйт.

Буга чейин аталган борбордун кызматкерлери Сузак районундагы карылар үйүндө текшерүү жүргүзүп, жарамдуу мөөнөтү өтүп кеткен азыктар колдонулганын кабарлаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×