Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 17.10.2019 21:17

Таш-Көмүрдө №2 куткаруу отрядынын ашканасындагы кемчиликтер жоюлду. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы №2 атайын куткаруу отрядынын ашканасындагы кемчиликтер жоюлду. Бул тууралуу аталган аскер бөлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы менен акт түзүлүп, анда санитардык абал боюнча кемчиликтер көрсөтүлгөн.

«Биз ашканада актоо-сырдоо иштерин жүргүзүп, жетишпеген буюмдарды алып, идиш жуучу атайын каражаттарды сатып алып, аскерлерге атайын шарттарды түздүк», - деп билдиришти аскер бөлүктөн.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарындагы №2 атайын куткаруу отрядынын ашканасы санитардык талапка жооп бербегени аныкталганы маалымдалган.

Белгилүү болгондой, текшерүү учурунда дары-дармектер турчу текчеде коңуздарга каршы себилчү каражаттар турганы жана ашпозчулардын санитардык китепчелери жок экени белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×