Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жеке медициналык клиникадан телефон уурдалган учур видеокамерага түшүп калды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 2026-жылдын 18-апрелинде саат 05:28 чамаларында болгон.
«Клиниканын администрациясы милицияга кайрылган жок. Алар интернет аркылуу жарыялап, телефонду таштап кетүүнү, "биз эч нерсе көрбөгөндөй билмексен болуп коёбуз" деп жарыялашты. Азырынча шектүү жаран уурдалган буюмду алып келдиби же алып келген жокпу белгисиз», - деди алар.