Turmush — Баткенде Чернобыль апаатында каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, ага бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер, Чернобль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты. Анын жүрүшүндө Чернобыль кырсыгынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.
1986-жылы 26-апрелде болгон бул окуянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан 146 адам барган болсо, азыр алардын 83ү арабызда.
1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуу — дүйнөдөгү эң ири өзөктүк техногендик кырсык болуп эсептелет. Ал радиациянын кеңири жайылуусуна себеп болгон.
Кырсыктан кийинки негизги окуялар:
- Припять шаары жана айланадагы 30 км зонадан 100 миңден ашуун киши эвакуацияланган;
- 600 миңден ашуун адам (ликвидаторлор) кырсыктын кесепеттерин жоюуга тартылган;
- Көптөгөн адамдар ар кандай оорулар менен ооруган;
- Аймактагы жаныбарларга жана өсүмдүктөргө олуттуу зыяны тийген. Кээ бир жерлерде радиациянын деңгээли алигиче жогору.