Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда айыл тургундарынын ортосунда чыккан мушташтан улам 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган факт боюнча 2026-жылдын 22-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренси (адам өлтүрүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.С., 2004-жылы туулган Т. уулу М. жана 1976-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Turmush басылмасы Ош ОИИБге шилтеме берүү менен Өзгөн районундагы мушташ боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын жазган.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн РИИБге 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денелеринен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөндөгүлөрдү аныктаган. 2026-жылдын 22-апрель күнү Өзгөн райондук сотунун имаратынын короосунда соттук отурумга катышууга келген тарапташтардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Анын кесепетинен 1983-жылы туулган С.Б. жана 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар денесинен учтуу нерседен жараат алып, ооруканага кайрылган.
Бул окуяга катышкан жарандар жана бул фактыга тиешеси бар делген 1989-жылы туулган А.С. тергөө кызматына жеткирилген. Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Өзгөн райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары Өмүрбек Өмүрзаковдун айтымында, 2026-жылдын 22-апрелинде саат 12:35 чамасында тез жардам кызматы аркылуу ооруканага эки жаран жеткирилген.
«Бейтаптар оор абалда түшүштү. Денелеринин бир нече жерине бычак сайылып, көп кан жоготушкан. Биз ыкчам аракет көрүп, дароо операцияга киргиздик. Учурда алар жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатышат. Абалдары туруктуу оор деп бааланууда. Азыр өздөрүнө келип, суроолорго жооп берип жатышат», - деген Өмүрзаков.
Ошондой эле ал жаракаттар боюнча кеңири маалымат берди.
1983-жылы туулган С.Б. аттуу бейтапка беш жеринен бычак сайылган. Тактап айтканда, моюнуна эки жолу, көкүрөгүнөн эки жолу жана курсак тарабынан бир жолу жаракат алган. Ал эми 1989-жылы туулган Ж.К. аттуу бейтаптын курсак тарабына бычак сайылып, ашказанын тешип өткөн. Эки бейтап тең көп өлчөмдө кан жоготкон.